Түптө балык уулоого кеткен 65 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды (сүрөт)
Балык уулоого кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан Ысык-Көл облусунун Түп районунун Маяк айылынын тургуну, 65 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, маркумдун сөөгү суудан табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилген. "Бүгүн издөө иштерин улантуу үчүн ӨКМдин Каракол шаардык №15 өрт куткаруу бөлүгүнөн 3 суучул, 2 куткаруучу, ИИМден 4 кызматкер, жергилүктүү тургундардан 4 адам жана 87366 аскер бөлүгүнөн 10 суучул тартылып, саат 10:40та маркумдун жансыз денеси суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилген", - деп айтылат маалыматта.
1956-жылы туулган эркек киши 10-апрель күнү көлгө балык улоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан эле.