SerepTV Logo

Балдар үйүнүн тарбиялануучусу каза болгон окуя. Депутат күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылды

Балдар үйүнүн тарбиялануучусу каза болгон окуя. Депутат күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылды

Военно-Антоновка балдар үйүндөгү баланын өлүмү үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилеринин жоопкерчилигин караш керек. Бул тууралуу депутат Айсулуу Мамашова Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Ал балдар үйүнүн жетекчисин кызматтан кетирүү керек экендигин айтты.

«Билим берүү министрлиги балдар үйлөрүндөгү балдарды көзөмөлгө албайт. Эгер бала балдар үйүндө болсо, ал адам эмеспи? Эмнеге алар баланын өлүмү жөнүндө өз убагында кабарлашкан жок? Эмне үчүн алар 15 мүнөттүк жолго бир саат сарпташат? Алар баланын өлөрүн күтүп жатыштыбы? Директорду жумуштан кетириш керек, анткени азыр 80 бала директордун кысымында. Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилерин жоопко тартуу керек», - деди ал.

Балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якунин 1-июнда көз жумган. Бул тууралуу биринчи болуп балдар укугун коргоочулар лигасынын башчысы Назгүл Турдубекова билдирген. Акыйкатчы институтунан маркум баланын ден соолугу чың болгону тууралуу маалымкаттар бар экенин маалымдашкан. Чүй ОИИББинен маркумдун сөөгүн кароодо зордук-зомбулуктун белгиси табылбаганын айтышкан.

edita