SerepTV Logo

"Баланын абалы оор". Нарында карындашына болушуп, сабалган баланын иши Акыйкатчынын көзөмөлүндө

"Баланын абалы оор". Нарында карындашына болушуп, сабалган баланын иши Акыйкатчынын көзөмөлүндө
Акыйкатчы институтуна жаран карындашына болушкан уулун ур-токмокко алган балдардын тобуна карата тергөөнүн аракетсиздиги боюнча арызданды. Бул тууралуу аталган институттан билдиришти. Ур-токмоктун натыйжасында уулу 2 айдан ашык убакыттан бери Улуттук госпиталда стационардык дарыланууда. Иштин жагдайын иликтөө максатында Акыйкатчы аппаратынын кызматкери 18-июнда Нарын облусуна иш сапары менен барган. Окуя Кызыл-Жылдыз айылында болгону аныкталган. Акыйкатчы аппаратынын кызматкери Нарын облусунун прокурору менен жолугушуп, аталган окуяны иликтөө боюнча прокурорго жабырлануучунун ден соолугунун учурдагы абалын эске алуу менен кошумча комиссиялык экспертиза жүргүзүү зарылчылыгы боюнча жүйө келтирди, анткени буга чейинки корутундуда анча оор эмес жаракат алган деп берилген, бирок баланын абалы ушул күнгө чейин оор бойдон калууда. Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы жана штаттык бирдиктеги психолог менен да жолугушту. Жыйынтыгында бул маселе ИИБ башчысынын жеке көзөмөлүнө алынды. Психологго жабырлануучунун жашы жете элек карындашына кошумча психологиялык жардам көрсөтүү сунушталды. "Акыйкатчы аппаратынын кызматкери жабырлануучунун карындашы окуган мектептин директору, класс жетекчиси жана социалдык мугалими менен жолугушту. Акыйкатчы аппаратынын кызматкери тарабынан ата-энелери эмгек мигранты болгон жана толук эмес үй-бүлөлөрдөн чыккан балдарга өзгөчө көңүл бурууну жана мектеп рэкетчилигин алдын алууну күчөтүү керектиги белгиленди", - деп айтылат маалыматта. Жашы жете элек балага (жабырлануучунун карындашына) орой мамиле кылган Нарын ОИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөр боюнча иштеген кызматкерине, Нарын районунун прокурорунун сунушу боюнча, ички иштер бөлүмүнүн тийиштүү буйругу менен сөгүш түрүндөгү жаза колдонулуп, ал башка кызматка которулган. Бул иш аягына чыккыча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын көзөмөлүндө болот.