"Балаңды мектепке киргизбейм". Бишкекте мектеп директору пара менен кармалды
Борбор калаадагы мектептердин биринин директору баланы 1-класска кабыл алууда акча каражатын алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, аталган мектептин директору камакка алынды.
Директор ошондой эле билим берүү тармагынын башка кызматкерлери менен келишим түзүп алып, балдарды биринчи класска кабыл алуу боюнча коррупциялык схеманы уюштуруп алган. Натыйжада ал баланы 1-класска киргизгени үчүн ата-энесинен опузалап акча талап кылган, эгер баш тартса баланы мектепке киргизбейм деп коркуткан.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="198305,198306,198307,198308"]