Бактыбек Калмаматов камакка алынды
Саясатчы Бактыбек Калмаматов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Исмаил Исаков тастыктады.
Маалыматка караганда, ал 2 суткага УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми адвокатынын айтымында, Бактыбек Калмаматов 313-беренеге (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) шектелип жатат. Бул жерде так эмне болуп жатканын мурдагы депутаттын өкүлү билберин айтты. Бүгүн, 22-декабрга караган түнү экс-депутаттын "Манас" аэропортунан чек ара көзөмөлүнөн өтүп жатканда анын өлкөдөн чыга албасы белгилүү болуп, УКМКга суракка алынып кеткени маалым болгон.