SerepTV Logo

Мыйзамсыз баюуга шектелген бажычы Нурбек Айтмаматов 2 айга камакка алынды

Мыйзамсыз баюуга шектелген бажычы Нурбек Айтмаматов 2 айга камакка алынды
Түштүк-батыш бажысынын жетекчиси Нурбек Айтмаматовдун баш коргоо чарасы каралып, 10-августка чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди бүгүн, 12-июнда Биринчи Май райондук соту чыгарган. Айтмаматов УКМКнын абагында камакта болот. Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов УКМК тарабынан 10-июнда белгилүү болгон. Ага Жазык кодексинин 323-беренеси (мыйзамсыз баюу) менен айып тагылууда.
edita