Байчечекей чокусуна бара жатып жардан кулаган чет өлкөлүк ооруканага жеткирилди
ӨКМдин “Эдельвейс” куткаруу кошуунунун 5 куткаруучусу украиналык туристти Рацека альпинисттик лагеринен аман-эсен түшүрүп, Бишкек шаардык №4 ооруканасына жеткиришти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Ала-Арча капчыгайындагы “Байчечекей” чокусуна чыгып жатып кулаган туристке жардам сурап "112" кызматына билдирүү түшкөн.