SerepTV Logo

«Азия Моллдо» бомба бар деп жалган кабар берген 18 жаштагы жаран кармалды

«Азия Моллдо» бомба бар деп жалган кабар берген 18 жаштагы жаран кармалды
Бишкек шаарында «Азия Моллдо» бомба бар деп жалган кабар берген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. "25-январь күнү саат 17:34 чамасында, 102 кызматына «Азия Молл» соода борборуна бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшкөн. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, аймакта жардыргыч заттар аныкталган эмес", - деп жазылат билдирүүдө. Аталган факты боюнча менен кылмыш иши козголуп, 2007-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалды.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Пресс-служба ГУВД г.Бишкек ?? (@guvd_bishkek)