SerepTV Logo

Автобуста кыздын жамбашын кармаган шектүү кармалды

Автобуста кыздын жамбашын кармаган шектүү кармалды
Кечээ, 2-февралда «Бабский блог» аттуу баракча катталуучусунун видеосун жарыялаган. Бүгүн, 3-февралда Бишкек шаардык милициясы ал жаранды издеп жатканын билдирген болчу. Милициянын маалыматына караганда, 36 жаштагы шектүүнү кармоо учурунда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, каршылык көрсөтүп, сөгүп, коомдук тартипти бузган. Ал Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, “Майда бейбаштык” беренеси боюнча административдик камерасына киргизилди.
info