"Атып салам". Бишкекте жаш жигит жарандарды тапанча менен коркуткан
Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бейбаштыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Кечээ, 29-ноябрда саат 21:10 чамасында Бишкек ШИИБдин “102” кызматына Ак-Ордо конушундагы Гагарин көчөсүндө жайгашкан мончолордун биринде бир адам тапанча менен жарандарды коркутуп жатат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1996-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анда болжол менен жашы 25-30 жаштагы белгисиз жаран арыз ээсин тапанча менен "атып салам" деп коркутуп, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, аброюна шек келтирген. Ушул жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Кылмышка шектелип, 1994-жылы туулган жаранды кармалып, Сокулук РИИБдин тергөө кызматына жеткирилди. Бул факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 266-беренесинин (бейбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="86678,86679,86680"]