SerepTV Logo

Аткезчилик менен ташылып келаткан 1 тонна күрүч аныкталды

Аткезчилик менен ташылып келаткан 1 тонна күрүч аныкталды
Аткезчилик жол менен ташылып келген 1 тоннадан ашык күрүч жана тамеки продукциялары аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Баткен областыннын Кадамжай районуна караштуу Пулгөн айылында Ыкчам бажы кызматкерлери Mersedes-Benz 315 үлгүсүндөгү автотранспорт каражатын токтотуп текшеришкен. Жогорудагы транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда ЕАЭБдин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан 1 тонна 365 кг UZRISE Made in Uzbekistan маркасындагы “Лазер” күрүчү жана 7 миң куту  Mong gold, Mond black super slims маркасындагы акциздик маркасы жок тамеки продукциясы табылган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.   [gallery columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="31886,31887"]
Unknown Author