Асылбек Жээнбековдун жактоочулары шаардык сотко даттанат
Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун жактоочулары Бишкек шаардык сотуна апелляциялык түрдө даттанууга даярданууда. Алар Жээнбековдун бөгөт чарасы менен макул эмес. Бул тууралуу жактоочу Давран Касымов билдирди.
Асылбек Жээнбеков 2012-жылы Кумтөр кенин текшерген депутаттык комиссиянын ишмердүүлүгү боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалды. Ошол учурда ал Жогорку Кеңештин төрагасы болчу.
Кечээ, 31-майда Биринчи май райондук соту Жээнбековду 2 айга УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган.