Асылбек Жээнбеков УКМКга суракка чакыртылды
Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков УКМКга суракка чакыртылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка караганда, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси "Кумтөр" компаниясына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин күбөсү. Асылбек Жээнбеков компаниянын "Centerra Gold" менен түзүлгөн келишимдеринин бири боюнча суракка алынары белгилүү болду.