Аскер бөлүктө каза болгон жоокердин сөөгү бүгүн жерге берилди
Бүгүн, 5-июлда Кой-Таштагы аскер бөлүгүндө каза болгон жоокер Элдияр Жайлообековдун сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маркумдун таежеси билдирди.
Анын айтымында, жигиттин сөөгү Ысык-Көл облусундагы Михайловка айылына коюлган.
Кечээ, 4-июлда Коргоо министрлигинен Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан аскер куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен кокусунан ок чыгарганын билдиришкен. Ал эми анын туугандары буга ишенишпей, акыйкаттык издеп, SUPERTV каналына кайрылышкан.
https://youtu.be/hIFi4DFaWJc