SerepTV Logo

"Арыз жазуудан баш тартып жатышат". Ысык-Көлдө 43 жаштагы жаранга жигит бычак шилтеген

"Арыз жазуудан баш тартып жатышат". Ысык-Көлдө 43 жаштагы жаранга жигит бычак шилтеген
Бостериде эки жарандын ортосунда чыр чыгып, бычакташууга алып келген. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. "Бостери айылындагы "Алтын кум" эс алуучу жайында "У Охотника" деген тамактануучу жайда арак ичип атышып, ортолорунда чыр-чатак чыккан. 43 жаштагы жаран 19 жаштагы жаранды сыранын кружкасы менен башка чаап ийген. Ал эми экинчи жаран бычак шилтеген. Бычак жарандын бутун тилип кеткен. Аталган факт Ысык-Көл РИИБге катталып, соттук медициналык экспертиза дайындалды. Экөө тең бири-бирине арыз жазуудан баш тартып жатышат. Тергөө уланып жатат",- дешти ОИИБден.