SerepTV Logo

"Артында 2 баласы калды". Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан ИИМдин кызматкери көз жумду

"Артында 2 баласы калды". Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан ИИМдин кызматкери көз жумду

Ички иштер министрлигинин мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору Улукбек Балагазыев көз жумду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кызматкер 19-июль күнү кечинде Ысык-Көл облусунда болгон жол кырсыгынын кесепетинен кызмат учурунда каза болгон. Ал 16-октябрда 36 жашка чыкмак. Анын артында аялы эки баласы менен калды. 

  • 19-июль күнү болжол менен саат 16:00 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунун 58-чакырымында жол кырсык катталган. Фольксваген Пассат унаасы жолдун каршы тилкесине чыгып, Равон Нексия унаасы менен сүзүшкөн. Кесепетинен эки унаанын айдоочулары ооруканага жеткирилген.