SerepTV Logo

"Артында 2 баласы калды". Денеси Нарын дарыясынын жээгинен табылган адамдын аты-жөнү такталды

"Артында 2 баласы калды". Денеси Нарын дарыясынын жээгинен табылган адамдын аты-жөнү такталды
ӨКМ 13-октябрь күнү саат 18:50дө Нарын дарыясынын жээгинде белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгын билдирген. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Нарын ОИИБден маркумдун аты-жөнү такталганын билдиришти. "Жансыз денени аныктоо боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, жакын туугандары чакыртылып, ал Нарын районунун 1982-жылы туулган тургуну экени аныкталды. Маркум 2021-жылдын 30-июнь күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп, изделип жаткан. Бүгүнкү күндө тергөө иштери уланууда. Маркум үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы болчу", - деп айтылат маалыматта.