SerepTV Logo

Маркум уурулукка күбө болуп калган... Араванда 12 жаштагы баланы өлтүрүүгө тууганы шектелүүдө

Маркум уурулукка күбө болуп калган... Араванда 12 жаштагы баланы өлтүрүүгө тууганы шектелүүдө
Аравандагы 12 жаштагы баланы өлтүрдү деп шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. "Кечээ, 27-июнь күнү шектүү катары 16 жаштагы маркумдун тууганы кармалды. Жазык ишинин жүрүшүндө маркумдун жашаган үйүнөн жалпы суммасы 900 миң сомго жакын накталай акча каражаттары жоголгондугу аныкталган. Араван районунун Ак-Сарай айылында жайгашкан бактын ичинде кылмыш иш боюнча, далил буюм катары акчанын турган жери боюнча маалымат алынган. Аталган маалыматты текшерүү учурунда маркумга таандык болгон бактын арасынан үйдөн уурдалган акчадан 783 миң 500 сом акча каражаттары алынган. 16 жаштагы өспүрүмдү райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкери, жактоочу жана таятасынын катышуусунда сурак кылуу учурунда, 25-июнь күнү тууганынын акчасын уурдап жатканда жээни көрүп калгандыктан, кылмышты жашыруу үчүн аны өлтүргөндүгүн толугу менен мойнуна алган. Ошондуктан 16 жаштагы өспүрүм 28-июнь күнү Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта. Буга чейин ооруканага асынып каза болгон делген баланын келип түшкөндүгү маалым болуп, кийин экспертизадан анын киши колдуу болгондугу аныкталган.
Unknown Author