SerepTV Logo

Араванда келин 6 жаштагы кызына 63 жаштагы күйөөсү ыдык көрсөткөнүн айтып чыкты. Милиция маалымат берди

Араванда келин 6 жаштагы кызына 63 жаштагы күйөөсү ыдык көрсөткөнүн айтып чыкты. Милиция маалымат берди
Журналисттерге Дүйнөхан Камбарова кайрылып, анын 63 жаштагы күйөөсү 6 жаштагы кызына сексуалдык ыдык көрсөткөнүн айтып чыкты. Анын айтымында, милиция жана прокуратура анын арызын жарым жылдан бери кабыл албай келишет. "Менин күйөөм жана кыздарымдын атасы 63 жашта. Мурда бир нече жолу ажырашкан. Мен да турмушка чыгып, ажырашкам. 2014-жылы баш коштук. Эки кыздуу болдук. Азыр улуусу 6 жашта, кичүүсү 4 жашта. Улуусу 3 жашка толгондо атасы анын ич кийимин чечкенин айтты. Ал учурда мага толук түшүндүрүп бере алган эмес. Кийинчерээк күйөөмдүн мындай кылыгы унаада уланганын айтып берди. Кызымдын буттары көгала болуптур, ошондо милицияга кайрылдым. Укук коргоо органдары үйгө келгенде "мындан ары мындай кылбайм" деп жалбарган. Кийин кызымдын бети шишип кеткенин көрдүм. Ал кусуп баштады. Анан ооруканага кайрылдык. Милицияга кайрылайын дегенде, күйөөм мага кол салып, анын үйү менен дүкөнүн тартып алууга аракет кылып жатканымды айтты. Кийин Орусияга кетти. Анан кайрылып келгенде оңолот дегем, бирок кызыма спирт ичимдиктерин бере баштаптыр. Кызым анын аласына атасы колун салып ийгенин айтты. Ошондо милицияга кайрылгам", - дейт.

Анын айтымында, арыз 2021-жылдын декабрь айында жазылган. Ошондон кийин ал үйдөн чыгып кеткен. Аял кызы абдан коркуп, акыркы жарым жылдан бери мектепке барбай калганын кошумчалады.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден окуя тууралуу маалымат беришип, аял милицияга арызды 2021-жылдын 16-декабрында жазганын билдиришти. 1977-жылы туулган аял арыз менен кайрылып, анын күйөөсү 2016-жылы туулган кызына сексуалдык ыдык көрсөткөнүн айтып, чара көрүүнү суранган. Факты ошол күнү каттоого алынган. Аял сурак учурунда 3 жана 14-декабрда бөлмөнүн бек эшигин тарткылап, ачканда анын күйөөсү шымын оңдоп жатканын көргөнүн, кызынын кийимин алмаштырып жатып, бутундагы көгала такты байкаганын айткан. Кыз да сурак берип, атасы бутун кармаганын, апасы жокто белинен да кармай турганын, "апаңа айтпа" дегенин айтып берген. Ал эми киши мунун баары жалган экенин айткан. Анын аялы ушундай жол менен үйү менен дүкөнүн биринчи күйөөсүнөн төрөлгөн баласына каттатууга аракет кылып жатканын айткан. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында, кыздын денесинде жаракаттар, тактар жок экени аныкталган. Ошондой эле кыздын жыныстык мүчөсүнө эч кандай жаракат келтирилбегени аныкталган. Ошондой эле кызга психикалык экспертиза дайындалган. Анын ден соолугу жайында экени аныкталган. Кишинин да психикалык оорусу жок экени маалым болгон.

2021-жылдын 25-декабрында  кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу Жазык-процесстик кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту менен кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. 2022-жылдын 9-январында Араван райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча тергөөчүнүн токтому жокко чыгарылып, материалдар кошумча текшерүүгө жөнөтүлгөн. 2022-жылдын 21-январында кайрадан текшерүүдөн кийин тергөөчү тарабынан Жазык-процесстик кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө кайрадан токтом чыгарылган. 2022-жылдын 30-январында Араван районунун прокуратурасы тарабынан четке кагылган материал көзөмөл тартибинде иликтенип, токтомдун мыйзамдуулугу боюнча акт түзүлгөн.

6-июнда арыздын негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтомун жокко чыгарып, кайра текшерүүгө жиберген, кайра текшерүүдө кылмыштын фактысы аныкталган эмес жана кылмыш ишин козгоого далилдер жетишсиз болуп, 15-июнда кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынып, баш тартуунун материалы көзөмөл тартибинде иликтенип, мыйзамдуулугу боюнча акт түзүлгөн.