Караколдо бирөөнүн унаасын айдай качкандар кармалды
Караколдо бирөөнүн короого токтотуп койгон унаасын айдап кеткен 2 жигит кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 25-апрелден 26 апрелге караган түнү, болжол менен саат 00:35 чамасында Каракол ШИИБдин нөөмөт кызматына 23 жаштагы жергиликтүү тургундан кабар түшүп, анда белгисиз адамдар короосунун жанына токтотуп койгон «ВАЗ-2107» үлгүсүндөгү автоунаасын уурдап кеткендигин билдирген. Аталган кабар боюнча шаардын ичинде «Перехват» иш чарасы киргизилип, атайын посттор коюлуп, өздөрүнө бөлүнүп берилген маршруттарда кайгуул күзөт иштерин жүргүзүп жатышкан милициянын мобилдик топтору кабарланган.
Издөө иштеринин жүрүшүндө милициянын мобилдик тобунун курамында кызмат өтөп жатышкан милиция кызматкерлери уурдалган автоунааны шаардын көчөлөрүнүн биринде байкап калышып, аны уурдаган шектүүлөрдү колго түшүрүүгө үлгүрүштү. Шектүү катары кармалышкандар Каракол шаарынын 20 жана 22 жаштагы тургундары болуп чыкты. Алар өздөрүнүн күнөөлөрүн моюндарына алышып, бирөөнүн автоунаасын өз алдынча айдап кетишкенин билдиришкен. Аталган факты боюнча чогулган материалдар Каракол ШИИБдин тергөө кызматына тергөө-процессуалдык баа берүү үчүн өткөрүлүп берилди.