SerepTV Logo

Апасын коргойм деп, мас кишиге бычак сайган өспүрүм. Окуянын жаңы жагдайлары

Апасын коргойм деп, мас кишиге бычак сайган өспүрүм. Окуянын жаңы жагдайлары
"Балдарды коргоо" коомдук фондунун негиздөөчүсү Назгүл Турдубекова апасын коргойм деп, мас кишиге бычак сайган өспүрүмдүн окуясы боюнча маалымат берди. Анын айтымында, окуя мейманканада болгон эмес, баланын апасы администратор болуп да иштебейт. "Туугандарынын айтымында, окуя мейманкананын жанындагы үйдө болгон. Ошол учурда жалгыз бой эне балдары менен батирде болушкан. Эркек киши үйүнө барып, эшигин бир нече жолу тепкилеген. Ал мейманкана менен үйдү алмаштырып алган. Энени бетине муштаган, ошол учурда балдары ыйлап баштаганда улуу баласы айла жок, кадамга барган. Анын күйөөсү өлүп калгандыгына байланыштуу 16 жаштагы уулу коргоого туура келген. Апасы бул окуядан кийин абдан ойго чөгүп кеткендиктен, балдарды багууга азык-түлүгү жокко эсе. Ал барып, атайылап сайган жок да. Сот аны сот залынан бошотушу керек болчу", - деди ал.
  • 14-майда саат 16:40 чамасында милицияга Рыскулов көчөсүндө бычактан жаракат алган эркек кишинин жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуяда мас абалындагы эркек киши менен мейманкананын администратору уруша кеткендиги, администратордун уулу апасын коргоо максатында бычак алып чыкканы, жаран ага карай чуркап, бычак анын курсак тушуна сайылганы аныкталган. Ал хирургиялык борборго жеткирилип, операция жасалган. Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 2005-жылы туулган өспүрүм кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттун чечими менен 1 ай камакта калтырылган.