SerepTV Logo

Апасы, уулу жана кызы киши колдуу болгон окуя. Кылмыш иш Бишкек шаардык сотунда каралат

Апасы, уулу жана кызы киши колдуу болгон окуя. Кылмыш иш Бишкек шаардык сотунда каралат
Ушул жылдын 16-февралында Бишкектин 5-кичирайонунда апасы, кызы жана уулунун жансыз денеси алар жашаган үйдө табылган. 3-ноябрда кылмышка шектүү Чынтемир Аширалиевди Бишкектин Октябрь райондук сотунда судья күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Ошондой эле сот шектүүгө 800 эсептик көрсөткүч (80 миң сом) өлчөмүндө айып пул салган. Бүгүн, 11-декабрда Бишкек шаардык сотунан билдиришкендей, 20-декабрда сат 09:30да кылмыш иш Бишкек шаардык сотунда каралат.