SerepTV Logo

Апасы, кызы жана уулу киши колдуу болгон окуя. “4,6 миллион сомду кайрымдуулукка беребиз” дейт маркумдун апасы

Апасы, кызы жана уулу киши колдуу болгон окуя. “4,6 миллион сомду кайрымдуулукка беребиз” дейт маркумдун апасы
Кечээ, 31-октябрда Октябрь райондук сотунда Бишкекте үч адамды өлтүрүү фактысы боюнча соттук отурум өттү. Жактоочу 4 миллион 671 миң сом өндүрүп берүүнү соттон суранган. Ал материалдык чыгым 671 миң сом, моралдык зыян 4 миллион сом деп эсептеген. Маркум Алтынай Канзаманованын 82 жаштагы апасы Үрү Дюшебаева бул акчаны кайрымдуулукка берерин айтты. "Мен ал акчаны сүйлөшүп туруп, кайрымдуулукка берем. Сообу тийсин. Бей-бечаралар көп, ошолорго беребиз. 9 ай болду. Сот өмүр бою эркинен ажыратсын", - деди эне. https://youtu.be/n4QbMIrqtHE