SerepTV Logo

"4,5 миң долларга сатууну пландаган". Илбирстин терилерин сатып жаткан жаран кармалды

"4,5 миң долларга сатууну пландаган". Илбирстин терилерин сатып жаткан жаран кармалды
УКМКнын экологиялык коопсуздук жаатындагы мыйзамсыз аракеттерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларынын жүрүшүндө 3 илбирстин терисин мыйзамсыз сатууга аракет кылып жаткандар аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, жарандардын бири Тажик жарандарынан алган үч илбирстин терисин Ош шаарында 4500 долларга сатууну пландаштырган. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, терилерди сатуу учурунда ал адам кармалды. Илбирс улуттук мыйзамдардын чегинде корголуп, Кызыл китепке кирген жаныбар. Бишкек шаарынын символу жана аны сатуу мыйзамсыз болуп эсептелинет. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 293-беренесинин (Кызыл китепке кирген жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу) кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда бардык жагдайларды аныктоо жана башка шериктерин табуу боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
edita