Алымкадыр Бейшеналиевдин жардамчысы үй камагына чыгарылды
Кечээ, 19-май күнү Саламаттыкты сактоо министринин кеңешчиси Мээрим Тилекова үй камагына чыгарылды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Башкы прокуратурадан тастыкташты.
"19-майда Каракол шаардык соту Мээрим Тилекованы үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алышыптыр. Ысык-Көл облустук прокуратурасы дароо бөгөт чарасын камакка алуу түрүнө өзгөртүүнү суранып, өтүнүч келтирди", - дешти алар.
17-майда Бишкек шаарынын аймагында Саламаттыкты сактоо министр Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси - 1993-жылы туулган Мээрим Тилекова Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде айыпталып, камакка алынып, Караколго жеткирилген болчу.