SerepTV Logo

"Алтын кум" пансионатында көлгө чөгүп кеткен 36 жаштагы жарандын сөөгү табылды

"Алтын кум" пансионатында көлгө чөгүп кеткен 36 жаштагы жарандын сөөгү табылды
31-август күнү Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы «Алтын кум» пансионатында 1985-жылы туулган эркек киши көлгө чөгүп кетип, сөөгү табылбай жаткан. Бүгүн, 2-сентябрда ӨКМ жарандын жансыз денеси табылганын билдирди. "Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 7 куткаруучу тартылган. Жарандын жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп берилди", - деп айтылат маалыматта.