SerepTV Logo

"Алтын кум" пансионатында 36 жаштагы жаран көлгө чөгүп кеткен. Сөөгү табыла элек (сүрөт)

"Алтын кум" пансионатында 36 жаштагы жаран көлгө чөгүп кеткен. Сөөгү табыла элек (сүрөт)

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен жарандын жансыз денесин издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Окуя кечээ, 31-август күнү Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы "Алтын кум" пансионатында болгон. Анда 1985-жылы туулган эркек киши көлгө чөгүп кеткен. Кырсык болгон жерге издөө иштерин жүргүзүү үчүн 3 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес. Бүгүн издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 06:10до 4 суучул жана 1 офицер тартылды.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="70282,70283,70284"]