Паспортторун тартып алып коюшкан... Алты Кыргыз жараны Бурятияда кулчулукта жүргөн
Кыргызстандын 6 жараны Бурятияда кулчулукта жүргөн. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, июндун башында Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин Иркутск шаарындагы кеңсесине Бурятиянын Нижний Шатай айылында жайгашкан жеке чарбанын аймагында Кыргызстандын жарандарын мыйзамсыз кармоо фактысы жөнүндө маалымат келип түшкөн.
Белгилүү болгондой, кыш мезгилинде Кыргызстандын алты жараны келишимдик негизде Бурятияга келишкен. Аларга жумуш таап берген ортомчу Кыргызстандын жараны болгон. Эмгек акы төлөөнүн шарттары жана иштөө шарттары жөнүндө макулдашууга карабастан, жергиликтүү иш берүүчү мекендештердин укугун бузуп, алардын паспортторун да тартып алган. 14-июнда Орусиянын Ички иштер министрлигинин Бурятия боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин көмөгү менен кыргызстандыктарга паспорттору кайтарылды. 15-июнда алты жарандын үчөө жумуш ордун таштап кетишти. 18-июнда калган 3 кыргызстандык жеке чарбанын аймагынан чыгарылды. Учурда алар Улан-Удэ шаарындагы мейманканага жайгаштырылып, диаспоралар тарабынан бардык жардамдар көрсөтүлүүдө.
Бул факты боюнча Бурятиянын укук коргоо органдары териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат.