SerepTV Logo

Сооронбай Жээнбековдун кан кудасы мамлекетке 50 миллион сом кайтарды

Сооронбай Жээнбековдун кан кудасы мамлекетке 50 миллион сом кайтарды

Депутат Алиярбек Абжалиев бюджетке 50 миллион сом кайтарды. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдирди. 

Анын айтымында, экс-депутат Марат Аманкулов дагы 50 миллион сом зыяндын ордун толтурган. Экс-депутат Жаныш Кудайбергенов 75 миллион сомдун ордун толтурду. Келтирилген чыгым такталууда жана 150 миллион сомго бааланууда. "Жарымы төлөнсө, жарымы жакын арада төлөнүп берилет", - деди Ташиев.

1-мартта УКМКдан Алиярбек Абжалиев мыйзамсыз баюуга шектелип жатканын билдиришип, анын экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен үй-бүлөлүк мамилесин колдонуп, мамлекеттик органдардын ишине “активдүү” кийлигишкенин билдирген. Ал эми 26-июнда анын УКМК эсебине 20 миллион сом төккөнүн маалымдаган. Ал эми 5-июлда депутат парламенттин жыйынына келген.