SerepTV Logo

Алга Кылычовго ок атты делген шаардык кеңештин депутаты Таалай Темиркулов кармалды

Алга Кылычовго ок атты делген шаардык кеңештин депутаты Таалай Темиркулов кармалды
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты 38 жаштагы Таалай Темиркулов убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Бүгүн, 8-августта Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Темиркулов өз ыктыяры менен «МР-79-9» травматикалык тапанчасын бир огу менен чогуу тапшырган. Ал ээнбаштыкка шектелүүдө. Тергөө уланууда.

Буга чейин Бишкек шаардык кеңештин депутат Таалайбек Темиркулов Алга Кылычовдун бутуна ок аткан деп шектелип жаткан.