SerepTV Logo

Алдамчылыкка шектелип кармалган Гүлзат Мамытбек ачкачылыкты токтото элек

Алдамчылыкка шектелип кармалган Гүлзат Мамытбек ачкачылыкты токтото элек
Алдамчылыкка шектелип кармалган Гүлзат Мамытбек 14-ноябрда ачкачылык жарыяланы маалым болгон. Ал бүгүнкүгө чейин ачкачылыкты токтото элек. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, абалы жакшы. Дарыгерлердин көзөмөлүндө. Гүлзат Мамытбек 26-октябрда алдамчылыкка шектелип кармалган. Анын үстүнөн 7 жабырлануучу арыз жазып, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 110 миң доллардан ашкан. Анын Биринчи Май райондук сотунда бөгөт чарасы каралып, 25-ноябрга чейин камакка алынган. Мындан эки күн мурда анын ачкачылык жарыялаганы маалым болгон. Ал кыйноолорду алдын алуу борборуна 14-ноябрда ачкачылык жарыялаганын айткан.