SerepTV Logo

Бир нече алдамчылыкка шектелип кармалган депутаттыкка талапкер аял үй камагына чыгарылды

Бир нече алдамчылыкка шектелип кармалган депутаттыкка талапкер аял үй камагына чыгарылды
Алдамчылыкка шектүү катары кармалган депутаттыка талапкер аял үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Кара-Суу РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 204-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыштын белгилери менен 2020-жылдын 19-сентябрында сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Окуянын чоо-жайы: Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүндөгү Тельман айылынын тургуну Ош ОИИБге арыз менен кайрылган. Себеби 2019-жылы ал эки аялдан 200 миң сом үстөк пайызы менен акча алгандыгын, үч ай мөөнөткө үйүнүн документтерин өткөрүп бериши керек болгонун, акчасын жарым-жартылай кайтарып бергенден кийин анын Кара-Суу районунун Киров айылындагы үйүн эки аял өздөрүнө өткөрүп алып, аны үйүнөн чыгарып жатканын айтып, арыз жазган. Тергөө аракеттеринин жыйынтыгы менен, бул иш 2020-жылы Жазык кодексинин 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту менен өндүрүштөн кыскартылган. 2021-жылдын 6-февралында бул сотко чейинки өндүрүш иши Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан көзөмөл иретинде окулуп чыгып, Жазык кодексинин 33-беренеси 2-бөлүгү 11-пунктунун негизинде кыскартуу токтому бузулуп, кошумча тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн Кара-Суу РИИБнин тергөө кызматына жиберилген. Тергөө учурунда белгилүү болгондой, 2019-жылдын 17-май күнү Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын Кен-Сай айылынын тургуну болгон 1978-жылы туулган жаран Ош шаарынын Анар кичи районунун тургунунан 4 миң долларды бир айга 10 пайыздык үстөгү менен кайтарып берүү шарты менен алган учурда, анын агасы турак үйүн күрөө катары деп, алдап алды-сатты келишимин түздүрүп, ай сайын үстөк акчасын берип турганына карабастан, андан жашырып, ага айтпай алдап үйүн башка жаранга 1 миллион 300 миң сомго сатып жиберген. Үй сатылгандан кийин да үч ай үстөк акчасын алып турган. Жарандын арызы менен Жазык кодексинин 204-беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө аракеттерининин жүрүшүндө, 2021-жылдын 25-мартында 1976-жылы туулган жаранга жактоочусунун катышуусунда Жазык кодексинин 98-беренесинин негизинде кармоо жүргүзүлүп, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. 2021-жылы 25-мартта Алай районунун Ленин айыл аймагынын Мурдаш айылынын тургуну болгон 1969-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылдын 20-февраль күнү Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын Кен-Сай айылындагы аял киши агасынын күрөө катары алган үйүн алды-сатты келишми менен алдап сатып жибергенин, ага мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Арыз боюнча  кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ошондой эле, 2021-жылдын 25-март күнү Ош шаарынын тургуну 1973-жылы туулган жаран арыз менен кайрылып, анда 2018-жылдын май айынын аяк чендеринде Кара-Суу районундук базардын жанында анын ишенимине кирип, алдап, банктан алган насыяны чечип берем деп, өзүн жергиликтүү кеңештин депутаты жана юристмин деп тааныштырып, 145 миң сом акчасын алып, ушул күнгө чейин бербей жүргөнүн билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Арыз боюнча кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Бүгүнкү күндө массалык маалымат каражаттарынан алынган маалыматтарга ылайык, азыркы мезгилде убактылуу кармоочу жайда шектүү катары кармалып турган 1976-жылы туулган жаран Ош шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлигин койгондугу белгилүү болгон. Андыктан Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасына Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесинен чыгарып салуу боюнча жолдомо жиберилген. Мындан сырткары, бүгүнкү күндө шектүүнүн бир кылмыш иши Кара-Суу райондук сотунда жүрүп жатат. 2021-жылдын 27-март күнү кылмышка шектүүнүнүн баш коргоо чарасы Кара-Суу райондук соту тарабынан каралып үй камагына чыгарылган.
edita