SerepTV Logo

Алдамчылыкка шектелип кармалган "Карвендин" кожоюну УКМКнын эсебине 60 миллион сом которду

Алдамчылыкка шектелип кармалган "Карвендин" кожоюну УКМКнын эсебине 60 миллион сом которду

Алдамчылыкка шектелип кармалган ишкер Генрих Балян УКМКнын эсебине 60 миллион сом которду. Бул тууралуу 24.кж өз булактарына таянуу менен жазды. Маалыматка караганда, ишкер акчаны "Росинбанктагы" насыясын төлөө үчүн которгон. Бүгүн, 17-июнда Биринчи Май райондук соту Генрих Баляндын баш коргоо чарасын тандайт.

Ишкер 15-июнда кармалып, УКМК анын алдамчылыкка шектелип жатканын маалымдаган. Ал мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкери менен тымызын сүйлөшүп алып, өтпөй турган мүлктү күрөөгө коюп, башка бирөө аркылуу 2,3 миллион долларлык насыя алганы кабарланган.