SerepTV Logo

Алдамчылык менен 60 кап ун алып качып жүрөт деп шектелген жаран кармалды

Алдамчылык менен 60 кап ун алып качып жүрөт деп шектелген жаран кармалды
Ысык-Ата районунда алдамчылыкка шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу райондук милициянын басма сөз кызматынан маалымдашты. Маалымат боюнча, Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгына 23 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, 10-июнь күнү чала тааныш бала анын ишенимине кирип, 60 кап унун алып, ошол боюнча из жашырып жүргөнүн билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 110 миң сомду түзгөн. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Чүй облусунун жана Ысык-Ата райондук милициянын криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 30 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда кармалган жарандын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Unknown Author