SerepTV Logo

Алдамчылык жол менен 45 миң долларлык унаага ээлик кылып алган делип 24 жаштагы жигит кармалды

Алдамчылык жол менен 45 миң долларлык унаага ээлик кылып алган делип 24 жаштагы жигит кармалды
Бишкекте ири алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Октябрь РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 2020-жылдын 23-декабрында Бишкек шаарынын тургуну милицияга кайрылып, бир адам аны алдап, 45 миң доллар турган Range Rover Sport унаасын ээлеп алгандыгын айткан. Бул факты боюнча Жазык кодексинин 204-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип милиция кызматкерлери тарабынан 24 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө кылмышка шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктайт.
edita