"Алар каракчылыкка шектелип жүрүшкөн". Ош-Ноокат жолундагы жол кырсыктан 3 адам көз жумду
Ош шаарында каракчылык кылып качып бара жаткан үч шектүү жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.
Укук коргоо органдарына билдирүү бүгүн, 11-апрель күнү саат 01:50дө түшкөн. Анда Ош-Ноокат жолунда, Жапалак айылынын аймагында ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү жеӊил автоунаа менен DAF XF 95 430 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кагылышып, анын кесепетинен биринчи машинадагы үч киши көз жумганы айтылган. Каза болгондор 56 жаштагы эркек киши (унаасынын ээси), 40 жаштагы аял жана 40 жаштагы дагы бир эркек киши экени аныкталган. Экөө окуя болгон жерден, бирөөсү ооруканадан көз жумган.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шаардык милициянын Кайгуул күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери ВАЗ-2106 автокөлүгүн токтотуу максатында үн күчөтүүчү жабдыктар менен жарыктандыруучу маякты жандырып артынан барышканы аныкталган. Бирок алар талаптарга баш ийбестен каршы тилкеге чыкканда кагылышуу болгону айтылат.
"Бул иш боюнча милиция кызматкерлери суралып, алар унаадагылар каракчылыкка шектелгени үчүн кармоого аракет кылганын айтышкан. Кызматкерлердин билдиришинче, 10-апрель күнү кечинде шаар тургунунун үйүнүн эшигин бузуп киришип, аны дубинка менен ур-токмокко алып, акчасын карактап кеткендиги тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Анын негизинде кайгуул кызматкерлери жабырлануучулар менен чогуу шектүүнү табууга аракет кылышкан. Жолдон алар ВАЗ-2106 унаасы менен бара жатканын көрүшүп, токтотууга аракет жасашкан", — деп айтылат маалыматта.
Учурда арыз жазган кишинин денесиндеги жаракаттардын оордугун жана каза болгондордун өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Ошондой эле жол кырсыгына күнөөлүү айдоочуну аныктоо үчүн соттук-автотехникалык экспертизалар жүрүүдө.