SerepTV Logo

Аламүдүндөгү ГЭС-3 суу сактагычында эркек кишинин жансыз денеси табылды

Аламүдүндөгү ГЭС-3 суу сактагычында эркек кишинин жансыз денеси табылды
Кечээ, 15-июнда Аламүдүн айылында жайгашкан ГЭС-3 суу сактагычында болжол менен 30-35 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.  Жерине 3 куткаруучу тартылып, жансыз денени алып чыгышып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда маркумдун аты-жөнү такталып жатат.