SerepTV Logo

Аламүдүндө кызматкерлерге удаа эле айыл өкмөт башчысы кармалды

Аламүдүндө кызматкерлерге удаа эле айыл өкмөт башчысы кармалды
Аламүдүн районунда коррупцияга шектелип Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Кармалган айыл өкмөт башчы Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча шектелип жатат. Аламүдүн айыл өкмөт башчысы болгон 1978-жылы туулган аткаминер кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Алдамчылык, документтерди жасалмалоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн тергелген материалдарынын негизинде, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча ички иштер органдарына бир нече жарандар кайрылган. Алар Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысына карата чара көрүүнү суранышып, ал алдамчылык жол менен аталган айыл өкмөттүн башка кызматкерлери менен биргеликте жер тилкесин бөлүп берүүнү убада кылып, айрым учурларда акча каражаттарын, унааларды ээлеп алганы айтылган. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Буга чейин милиция Аламүдүн айылынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, Аламүдүн айылынын айыл өкмөтүнүн мурдагы кызматкери, Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы кармалган. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн бул материалы боюнча милиция кызматкерлери тарабынан бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.