SerepTV Logo

Аламүдүндө кесиптештери менен эс алып жүргөн жаранга кол салуу болгон

Аламүдүндө кесиптештери менен эс алып жүргөн жаранга кол салуу болгон
Аламүдүн районунда жергиликтүү тургунга кол салуу болду. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 25 жаштагы жаран кайрылып, аны эс алуу жайларынын биринде чала тааныш мас абалында сабаган адамдарга чара көрүүнү суранышкан. Арыз ээси 23-майда кесиптештери менен эс алып жаткан учурда анын унаасына дагы бир унаа сүзгөнүн айткан. Эки адам унаадан чыгып, жабырлануучуну сөгүп, кол сала башташкан. Кылмышка шектелип, 28 жаштагы жаран кармалып, тергөөгө жеткирилген.