SerepTV Logo

Аламүдүндө кесиптешин шантаж кылып, өзүнө жубайлыкка алгысы келген шектүү кармалды

Аламүдүндө кесиптешин шантаж кылып, өзүнө жубайлыкка алгысы келген шектүү кармалды
Аламүдүндө бир нече кылмышка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Аламүдүн РИИБге жаран кайрылып, 19-майда анын таанышынын атынан кат жазып, Көк-Жар айылына барганда аны сабап, тишин түшүрүп, окуяны видеого тартып, "мунун баарына өзүм күнөлүүмүн" дедирткен адамга чара көрүүнү суранган. Аталган факты каттоого алынып, бейбаштык менен кылмыш иши козголгон. Кийин 1996-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Аталган жарандын 2023-жылдын февраль айынан бери өзүнүн кесиптешин шантаж кылып, ага турмушка чыгуусун талап кылып жүргөн. Ошондой эле февраль айында Көк-Жар айылында аны коркутуп, жыныстык катнашка барууга аракет кылган. Кармалган жарандын бөгөт чарасы каралып, 2 айга камакка алынды. Тергөө уланууда.