SerepTV Logo

Аламүдүндө жер тилкесин мыйзамсыз сатууга шектелген аял кармалды

Аламүдүндө жер тилкесин мыйзамсыз сатууга шектелген аял кармалды
Аламүдүн районунда жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.  Маалыматка караганда, Аламүдүн РИИБге аял киши кайрылып, 2019-жылдын сентябрь айында 5,15 гектар айыл чарба жерин курулуш курууга категориясын өзгөртүп берүүнү убадалаган жаранга чара көрүүнү суранган. Кызмат абалынан пайдаланып, (багбанчылык коомунун төрайымы) аталган коомдун чечимдерин жазып, жер тилкелерин 4 сотыхка бөлүп, жеке турак жай куруу үчүн досу аркылуу башка адамдарга сатып жиберген. Милицияга дал ушундай 8 адам арыз менен кайрылган. 
Кылмышка шектүү катары 1962-жылы туулган аял кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.