SerepTV Logo

Аламүдүндө 14 жана 15 жаштагы кыздар сууга чөгүп кетишти

Аламүдүндө 14 жана 15 жаштагы кыздар сууга чөгүп кетишти
Аламүдүн районунун Гроздь айылындагы суу сактагычка 14 жана 15 жаштагы кыздар чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылып, куткаруучулар жеткенге чейин 1 кыздын жансыз денесин жергиликтүү тургундар суудан табышып, чыгарып коюшкан. Ал эми экинчи кыздын жансыз денесин куткаруучулар суудан табышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.