Аламүдүн районунда ири алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
Чүй облусунун Аламүдүн районунда ири алдамчылыкка шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-март күнү Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө 1977-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал чала тааныш эркек киши анын ишенимине кирип, 2020-жылдын январь айында үстөк пайыз менен акча сурап, күрөөгө автоунаа таштап, 3000 долларын алып, ошол боюнча белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген. Окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Райондук милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында буга чейин бир нече жолу оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча соттолгон 1983-жылы туулган жаран кармалды. “Текшерүү учурунда шектүү Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы аныкталды”, - деп айтылат маалыматта.
Учурда кармалган жаран тергөө кызматына өткөрүлүп, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.