Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелип УКТ мүчөсү кармалды
Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын март айында Аламүдүн районунун ИИБине Чүй облусунун 66 жаштагы жашоочусу арыз менен кайрылып, чала тааныш эркек киши анын ишенимине кирип “Опель” үлгүсүндөгү автоунаасын алып, бир нече күндүн ичинде акчасын берем деп кеткен боюнча бир нече жылдан бери акчасын бербей жүргөнүн билдирген.
Ага ылайык, кылмышка шектелип, 41 жаштагы жаран кармалган. Териштирүү учурунда кармалган шектүү ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы маалым болгон.
Учурда бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.