SerepTV Logo

Алайдын сел жүргөн айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Алайдын сел жүргөн айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал режими киргизилди
Ош облусунун Алай районунда нөшөрлөгөн жаандан улам сел кирген турак үйлөрдүн короолорун тазалоого бүгүн, 23-июнь күнү саат 07:30да Алай райондук №68 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 15 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
21-июнь күнү саат 17:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Белекбаев айыл өкмөтүнүн Терек айылында (Кызыл жана Алтын-Кен тилкелери) сел жүрүп, 45 турак үйдүн короо-сарайларын (анын ичинен 4 турак үйдүн жертөлөсүн каптаган), 3 социалдык объектилеринин (1 мектеп, балдар бакчасы, ФАП) короолорун кум-шагыл аралаш сел суулары каптаган. Сопу-Коргон-Терек ички чарбалык жолунун 7 чакырымында 3 тилкеде сел калдыктарынан улам жол каттамы үзгүлтүккө учураган.
Ал эми 1 электр мамысын сел агызып кетип, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган (ошол эле күнү электр жарыгы берилген). Ошондой эле, 2 унаа өтүүчү, 1 жөө адамдар өтүүчү көпүрөлөр авариялык абалга келген жана 2 көпүрөгө кооптуулук жаралган. Алтын-Кен тилкесинде дамбанын 50 метр аралыгын Терек суусу жеп кеткен. Адам өмүрүнө зыян келген эмес. 22-июнь күнү Сопу-Коргон - Терек ички чарбалык жолу тазаланып, бир тараптуу ачылган.
Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу тактоо, авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү, кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында Алай райондук Жарандык коргонуу башчысы-акимдин биринчи орун басарынын буйругунун негизинде Белекбаев айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал режими киргизилди.