SerepTV Logo

Алайда жол кырсыгынан каза болгондордун саны 4 адамга жетти

Алайда жол кырсыгынан каза болгондордун саны 4 адамга жетти
Ош облусунун Алай районунда 11-июлда болгон жол кырсыгынан көз жумгандардын саны төрткө жетти. Маалыматты Алай райондук аймактык ооруканасынан тастыктады. Маалымат боюнча, ооруканада каза болгон адам 70 жаштагы Toyota Corolla унаасынын айдоочусу болгон. "Айдоочу 13-июль күнү райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келбей каза тапты. Анын мээси катуу жабыркап, сол санынын сөөктөрү майдаланып кеткен. Оң жак кабыргалары да бир нече жеринен сынган", – деди ооруканадан. Эске сала кетсек, Ош — Сары-Таш — Эркештам унаа жолунун 70-чакырымында Lexus-570 жана Toyota Corolla үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Кырсыктын кесепетинен бир аял жана бир эркек киши жеринде каза болуп, үч жүргүнчү жабыркаган.
Unknown Author