SerepTV Logo

Алайда кар көчкү алдында калган өспүрүмдүн сөөгү бир жумадан бери табыла элек

Алайда кар көчкү алдында калган өспүрүмдүн сөөгү бир жумадан бери табыла элек
Алайда кар көчкү алдында калган өспүрүмдү издөө иштери бүгүн, 9-апрелде да улантылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Эске салсак, 2-апрелде болжол менен саат 13:30 чамасында Ош облусунун Алай районундагы Терек айылында тоодон кар көчкү түшкөн. Ошол учурда 2007-жылы туулган бала мал карап жүрүп дайынсыз жоголгон. 4-апрелде жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМден 30 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер, мындан сырткары жергиликтүү тургундар тартылган. Ал күнү да табылган эмес.   "7-апрель күнү  издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМдин Алай районунун бөлүм башчысы, ИИМден 2 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 60 адам тартылып, саат 17:55те издөө иштери убактылуу токтотулган, натыйжа болго эмес. 9-апрель күнү издөө иштери улантылат",- деп айтылат маалыматта.
edita