SerepTV Logo

Алайда 16 жаштагы өспүрүм ооруканага түштү. Шектүү кармалды

Алайда 16 жаштагы өспүрүм ооруканага түштү. Шектүү кармалды
21-март күнү Алай райондук ички иштер бөлүмүнө 2008-жылы туулган жаран денесинен жаракат алып, аймактык ооруканага кайрылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти. Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жабырлануучуга тийиштүү экспертиза дайындалган. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 2009-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 22-март күнү райондук сот тарабынан үй камагына чыгарылды. Учурда тергөө амалдары уланууда.
edita