SerepTV Logo

Алай районунда коктудан келген сел үйлөрдүн короолорун каптады

Алай районунда коктудан келген сел үйлөрдүн короолорун каптады
Алай районунда сел жүрүп, турак үйлөрдүн короолорун каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 1-июль күнү саат 19:00 чамасында Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айыл аймагында жааган жаандын кесепетинен коктулардан келген сел суулар Курманжан-Датка айылында жайгашкан 6 турак үйдүн короолорун каптады. Тазалоо иштерине ӨКМден 3 куткаруучу, 1 жүктөгүч тартылып, саат 20:45те короолор толук тазаланып бүткөрүлгөн.
Unknown Author