SerepTV Logo

"Ала-Тоо" аянтындагы "Илбирс" бизнес борборунан өрт чыкты

"Ала-Тоо" аянтындагы "Илбирс" бизнес борборунан өрт чыкты

Киев көчөсүндө жайгашкан "Илбирс" бизнес борбордун 2 кабатындагы ашканадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 бөлүм, Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм жана автошаты тартылган.

Өрт саат 21:27де чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.